Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Кош-Дөбө айылында сел жүрүп, суу чачкан унааны агызды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, кечээ 20-июнь күнү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам райондун бир катар аймактарында сел жүргөн. Сел Кош-Дөбө айылынын Оронун-Аңы чөлкөмүндө жүрүп, өзөн жээгинде токтоп турган унаага урунуп, натыйжада унаа сууга кулап, бир метр аралыкка чейин агып барып токтогон. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар унаанын айдоочусуна жана ал унаада зыяндуу заттар болушу мүмкүн экендигин айтышып, тынчсызданышууда.
Ал эми Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Таштан Мокеев жолго суу чачкан унаа экендигин ырастады.
«Бул окуя кечээ катталган. Аталган унаа өзөн жээгинде токтоп турган. Ичинде айдоочусу болгон эмес. Ошондой эле, ал унаа эч кандай зыяндуу заттарды тарткан унаа эмес. Ал унаа Кытай-кыргыз Темир жол курулуш иштерин жүргүзүп жаткан ишканага таандык жолго суу чачып турган унаа экендиги ырасталды. Ал боюнча ишкананын өкүлү менен байланышканымда, алар унааны чыгарып алышкандыгын, жолго суу чачкан унаа экендигин, унааны жууп-тазалап алып айдап жүрүшкөндүгүн айтты», - деди Т.Мокеев.
--
Отправлено из Mail для Android