Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылында 15 үйдү жана Жаңы-Тилек айылында 3 үйдү сел каптаган. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, кечээ 20-июнь күнү нөшөрлөгөн жамгырдан улам Ак-Чий айылынын жогору тарабындагы бөксө тоолордон сел суусу түшүп, айылдагы селден коргоочу дамбага батпай, ташкындаган. Натыйжада, айылдагы бир нече тургундардын үйүн жана короо-жайларын сел каптагандыгы маалым болду.
Ал эми Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Таштан Мокеев турак-жайларга олуттуу зыян келбегендигин айтты.
«Ак-Чий айылынын жогору тарабындагы бөксө тоолодон келген сел суусу селден коргоочу дамбадан ашып, дамбага жакын жайгашкан жергиликтүү тургундардын короо-жайларын каптаган. Ак-Чий айылынан 15 короо-жай, Жаңы-Тилек айылынан 3 короо-жай сел каптоого туш болгон. Бирок, олуттуу зыян алып келген эмес», - деди Т.Мокеев.
--
Отправлено из Mail для Android