Ак-Талаа; Селдин кесепетинен «Камаз» унаасы жыгылып, айдоочусу куткарылды

turmush
Скачать
Просмотров: 455
 
Опубликовано 20 Июня 2026, 20:39

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылындагы сел оор жүк ташуучу «Камаз» унаасын агызды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, бүгүн 20-июнь күнү болжол менен саат 15:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам бир катар аймактарда сел жүрүп, Нарын - Баетов -Макмал унаа жолунун айрым тилкелерине кооптуу абал жараткан. Мунун ичинен, өзгөчө Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Ак-Чий айылында сел агымы катуу жүрүп, айылды аралап өткөн селден коргоочу дамбадан сууташкындаган. Ошондой эле, жол оңдоо иштеринде жүргөн айылдын тушунан «Камаз» үлгүсүндөгү унааны сел суусу жыгып кеткен. Аталган унаа жолдошу Мыкаачы-Суусу өтө турчу жолдун астындагы суу өткөрмөктүн айланасын суу жеп, бир аз гана тилкеси калган. Мындан тышкары, Жаңы-Тилек айылындагы Мыкаачы-Суусундагы кичи көпүрө жараксыз абалга кептелгендиги маалым болду.

Ал эми Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Таштан Мокеев табигат кырсыгынан 1 адам куткарылып, селдин кесепеттерин жоюу иштери башталгандыгын айтты.

«2026-жылдын 20-июнь күнү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Ак-Чий айылынын жогору тарабындагы бөксө тоолордон сел келген. Сел Ак-Чий айылындагы селден коргоочу дамбага түшүп, дамбадан ашып, ташкындаган. Селдин кесепетинен Мыкаачы-Суу суусунун деңгээли көтөрүлүп, натыйжада Жаңы-Тилек айылындагы 1 турак үйдү суу каптаган. Мындан тышкары, аталган айылдагы кичи көпүрөнү жараксыз абалга учураткан. Ошондой эле, Нарын - Баетов - Макмал унаа жолунун 7-13-чакырым аралыгындагы жолду суу каптап, Ак-Чий айылынын жанындагы жолдун алдындагы суу өткөрмөккө суу батпай, жолдун үстүнөн агып өтүп, жолдун бир тилкесин деп, унаалардын каттамына убактылуу чектөө коюлган. Андан сырткары, унаа жолду оңдоо иштеринде жүргөн «Камаз» унаасын сел суусу жыгып кеткен. Ал эми анын айдоочусу ошол жердеги бак-дарактарды кармап калган. Айдоочуну өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулар тобу куткарып калышты. Учурда, табигат кырсыгы болгон жерге тиешелүү өкүлдөр барып, жеринен иш жүргүзүп жатабыз. Ак-Талаа райондук жол тейлөө ишканасынын 1 погрузчиги, 1
«Хово» оор жүк ташуучу унаасы, 1 экскаватору жана Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн 1 погрузчиги жумушка тартылды. Учурда, жеңил унаалар үчүн каттам ачык», - деди Т.Мокеев.
--
Отправлено из Mail для Android