Нарын облусунун Ак-Талаа районунун бир катар аймактарында катуу жааган жамгырдан улам сел сел жүрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн 20-июнь күнү болжол менен саат 17:30 чамасында катуу жамгыр жаап, анын кесепетинен улам Кош-Дөбө айылынын күн чыгыш тарабындагы Оронун-Аңы чөлкөмүндө, Ак-Чий айылынын Калпак чөлкөмүндө жана айылдын түштүк тарабында сел жүрүп, натыйжада Баетов - Кош-Дөбө унаа жолуна коркунуч жаратты.
Жергиликтүү тургундардын биринин айтымында, Кош-Дөбө айылынын күн чыгыш тарабындагы Оронун-Аңы чөлкөмүндөгү сай менен агып келген сел суусу Баетов-Кош-Дөбө унаа жолунун алдындагы көпүрөгө батпай, жээгине толуп жаткандыгы, суу улам көтөрүлүп жолго кооптуу абал жаралгандыгын айтты.
Ал эми Баетов айылынан Кара-Бүргөн айылына бара жаткан айдоочулардын биринин айтымында, Ак-Чий айынын күн чыгыш тарабындагы Калпак чөлкөмүндө сел жүрүп, Баетов-Кош-Дөбө унаа жолунан ашып өтүп, унаалардын каттамына тоскоолдук жаралгандыгын билдирди.
Мындан тышкары, Ак-Чий айылынын тургундары айылдын түштүк тарабындагы тоолордон агып түшкөн сел суулары канал аркылуу айылды аралап өтүп, каналдан ташкындаганын жана каналдын түбүн жеп жатканын билдирүү жасашты.
--
Отправлено из Mail для Android