Ак-Талаа; Эч нерсе өспөйт деген Ак-Талаага жүзүм өстүргөн карыя Бейшеналы Мамытбеков
-
Категория
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Жаңы-Тилек айылынын 90 жаштагы тургуну Бейшеналы Мамытбеков 26 жылдан бери багбанчылык менен алектенип келет. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Өрнөктүү өмүр
Бейшеналы Мамытбеков 1938-жылы Жаңы-Тилек айылында туулуп, балалык чагы согуштун катаал жылдарында өткөн. 1954-1957-жылы 7 жылдык Жаңы-Тилек мектебинде, 1957-жылы Дөрбөлжүн (азыркы Баетов) айылындагы Сталин мектебинде билим алып, бүтүргөн соң Токмокто кесиптик лицейде окуп, техникалык жана чарбалык кесипке ээ болгон. 1957-1966-жылдары колхоздо тракторист, 1966-1983-жылдары сүт товар формасында, 1983-1990-жылдары кой товар фермасынын башчысы болуп эмгектенген. 1990-1992-жылдары ижарага кой алып, алгачкылардан болуп мал чарба бирикмесин түзгөн. 1992-2000-жылдары «Ынтымак» дыйкан чарбасын негиздеп, мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенген. 2016-жылы Ак-Талаа районунун «Ардактуу атуулу» наамы, 2025-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан өзгөчө кадыр-баркы жана жаштарга берген тарбиясы үчүн «Кадырман ата» наамына ээ болгон. Жубайы Уулбү Медербекова. Алар 4 уул, 5 кыздуу болушкан. Учурда, 34 неберенин, 42 чөбөрөнүн чоң атасы.
Багбанчылык
«Көп жылдар бою мал чарбасы менен жүрдүм. Багбанчылыкты 2000-жылы баштагам. 10 сотых бакчама карагат, өрүк, алса, алмурут жана жүзүм тиккем. Алгач, бул райондун борборнан 2-3 түп карагат алып келип тиккем. Ал карагаттын сабактарын кесип алып, топуракка көмүп, өстүрүп, көбөйткөм. Кудайга шүгүр, жакшы өстү. Түшүмдү жакшы берет. Балдар, неберелер терип алып сатчучун сатышат, кыям жасашат. Учурда, 89 жаштан өттүм. Карып калып, мурункудай бакчаны караганга күч жок. Алма, өрүктү, карагатты бутап туруш керек эле. Мына, карагаттын боюу адам боюндай өсүп кетти. Мынчалык өстүрбөй кыркып туруш керек. Мындан 8 мурда Чүйдүн Манас айылынан жүзүмдүн көчөтүн алып келип, жерге сойлотуп өстүргөм. Жакшы өсүп, жакшы түшүм берчү. Ал эми кышкысын жерге көмүп салчумун. Эки жылдан бери каралбай калды. Кара мөмө байлайт. Алма, өрүк дегендерди бүт эле данегинен өстүргөм. Айрымдарынын гана көчөтүн алып келип отургузгам. Аш-тойлорго барып калганда, үйгө конок келген учурларда алма, өрүктөрдү кесип жейсиң да. Жакшы сорттогу алма, өрүк көрүп калсам эле данектерин алып, дароо чөнтөккө салып алчумун. Үйгө алып барып, атайын топурагын даярдап, идишке салып жер төлөөгө 2 жылдай өстүрүп, андан кийин бакчага отургузчумун. Абдан жакшы өсүп, жакшы түшүм берип келет. Үйдөн балдарга «мунун баары силерге эле калат, жакшылап карап өстүргүлө» деп айтып жатам. Ал алардын чоңдугу чай чыныдай болот. Жазда гүлдөп жаткан учурда аралап бассаң жыты укмуш. Эч аласың», - деди Бейшеналы ата.
--
Отправлено из Mail для Android