«Ортодо футбол болуп кыйналдык»: Кара-Суунун Жаңы-Арык айылында 20 жылдан бери электр жарыгы жок жашаган тургундардын маселеси чечилмей болду

turmush
Скачать
Просмотров: 24
 
Опубликовано 5 Июня 2026, 11:27

Бүгүн, 5-майда КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагынын жашоочулары менен жолугушту. Эл менен жолугушууга мамлекеттик органдардын жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

Жыйында жергиликтүү тургундардын бири айылында көп жылдан бери электр мамычалары орнотулганы менен, зымдар тартылбай, электр энергиясын кошуналарынан убактылуу алып жатышканын айтып даттанды.