Кечээ, 4-июнь күнү Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев Кара-Суу районунун Баш-Булак өкмөтүнүн тургундары менен жолугушуда.
Жолугушууга УКМКнын Ош шаары, облусу боюнча башчысы Канат Табалдиев, Ош ОИИБдин башчысы Нурланбек Бурканов, Ош облусунун прокурору Чыңгыз Ахматов, Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов, Кара-Суу районунун акими Чыңгыз Бапаевдер катышууда.
Анда Талдык айылынын тургуну Абдыкалык Анарбаев Султан Ибраимов 1970-жылы куруп берген мектеп капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж экенин билдирди.