Нарын; Шаар тургуну «Тянь-Шань» паркынын абалын айтып кейиди

turmush
Скачать
Просмотров: 2
 
Опубликовано 4 Июня 2026, 18:44

Нарын облусунун Нарын шаарынын тургуну түптөлгөнүнө 38 жыл болгон «Тянь-Шань» паркынын азыркы абалын сынга алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Шаар тургуну Алмаз Асанбеков шаардын борбордук бөлүгүндө орун алган «Тянь-Шань» папкы каралбай калгандыгын айтып, нааразы болду.

«Бул парк илгери абдан жакшы болчу. Ал 1-парк, 2-парк жана 3-парк болуп үч бөлүктөн турчу. Паркка кирип бара жатканда эле балмуздак саткан жайы бар эле. Анан кооз таштар төшөлүп, суу агып турчу. Бул жагында бассейн бар болчу. Ал эми 2-паркка киргенде карусель, оргума, дискоклуб бар эле. 3-паркка киргенде кинотеатр, кафе бар болчу. Өтө сонун эле да. Эми анын кооздугун сөз менен айтып жеткире албайсың. Эми азыр анын бири жок. Ичине үйлөр салынып кетти. Ал аз келгенсип маданий борбор курулуп жатат. Илгери, Панфилов паркынан дагы сонун болчу. Азыр эч эле каралбай калды. Сырткы тосмолорунун кебетеси кетип калган. Ушуларды качан карайсыңар, мэрия? Эл көргөн жагын эле оңдоп коёсуңар, эл көрбөгөн жагы калып калган. Карап койсоңор боло», - деди Алмаз Асанбеков.

Ал эми Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматкери Нурзада Мукашева быйыл аталган парктын айланасы тосмолонорун айтты.

«Тянь-Шань паркы шаардын борбордук бөлүгүнө жакын, түштүк тарабында жайгашкан. Парк 1988-жылы уюшулуп, жалпы аянты 15 480 чарчы метрди түзөт. Сейил бакта ар түрдүү бак-дарактар өстүрүлүп, шаарды көрктөндүрүү жана экологиялык абалды жакшыртуу максатында кам көрүлүп келет. Быйыл дем берүүчү гранттын эсебинен 2 млн 356 миң 200 сомго сейил бактын тосмосу алмаштырылат. Мындан сырткары, сейил бактын ичин оңдоп, инфраструктурасын жакшыртуу пландалууда», - деди Н.Мукашева.

--
Отправлено из Mail для Android