Ак-Талаа; Баетов - Кош-Дөбө унаа жолун сел суусу каптап жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 610
 
Опубликовано 2 Июня 2026, 23:50

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов - Кош-Дөбө унаа жолун сел суусу каптап жаткандыгын жергиликтүү айдоочулар билдирди.

Айдоочунун айтымында, бүгүн 2-июнь күнү катуу жааган жамгырдан улам Кош-Дөбө айылынын бери жагындагы көпүрөдөн чыга калган жерде же тактап айтканда Орондун-Аңы чөлкөмүнөн тарта Ала-Бугага чейинки аралыкта унаа жолду сел суусу каптап, жолдун үстүнөн агып жаткандыгы маалым болду.

«Эмеле катуу жаан жаап, сел жүрүп жатат да. «Ала-Буга» суу насостук станциясынан чыга калганда суу өтмөк бар. Ошонун оозу бүтөлүп калып, ошол жерден суу жолдун үстүнөн агып жатат. Нарын жакта бери өтө албай 10 дой унаа токтоп турат. Суу жолдун үстүнөн агып жатат», - деди айдоочу.