Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылында энелер күнү салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Ала-Буга айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Айнура Медетованын айтымында, аталган айылда энелер күнү менен бирге эле Бердалы Календеров атындагы орто мектебинин ыр, бий жана комуз ийриминин жылдык отчёттук концерти тартууланды. Ошондой эле, айылдык маданият үйү тарабынан энелерге арноо концерти коюлду.
Салтанаттын жүрүшүндө, 48 энеге айылдын "Ардактуу атуулу" наамы ыйгарылып, ал эми спортчу жана машыктыруучу Камчыбек Төлөпалды уулу тарабынан 48 энеге белек тапшырылды