19-майда Ош шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планын талкуулоо боюнча алгачкы жыйын өттү.
Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Шумкарбек Пайзиев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, Курулуш министрлигинин өкүлдөрү, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Анда комиссия түзүү боюнча чечим кабыл алынып, Ош шаардык мэриясы менен Курулуш министрлигинин ортосунда ар тараптуу колдоо боюнча келишим түзүлдү. Ошондой эле буга чейинки башкы планга карата келип түшкөн сунуш-пикирлерди кароо да талкууланды.