Бүгүн, 19-майда президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Сузак айыл аймагынын тургундары менен жолугушту.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өлкө аймактарында облус жетекчилеринин, шаар мэрлеринин, мамлекеттик райондук администрация башчыларынын, прокуратура, ички иштер органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин эл менен жолугушуулары өтүп жатат.
Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү жашоочу Саида Юсупова Сузак айыл аймагындагы «Философия 1» аталышындагы жеке менчик мектеби муниципалдык менчикке өтүп кеткенин билдирди. Анын айтымында, ал имаратты бир топ жылдан бери иштетет.