Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясына селди алдын алуучу жаңы заманбап станция ишке кирди

turmush
Скачать
Просмотров: 1
 
Опубликовано 19 Мая 2026, 12:13

Бүгүн 19-май күнү Ош шаарынын Озгур айылында Ак-Буура дарыясынын гидрологиялык абалын көзөмөлдөөчү жаңы заманбап станциянын (гидропост) ачылышы өттү. ӨКМдин Мониторинг жана прогноздоо департаментинин башчысынын орун басары Данияр Таалайбек уулунун айтымында, жаңы орнотулган суу өлчөөчү радар сел жана суу ташкындарын алдын алууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт.