Бүгүн, 18-май күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Ноокат районундагы элдик жыйындарды улантууда. Бул жолу Т. Зулпиев айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугууда.
Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургуну Асамидин Турдалиев жактоочусуна шилтеме берүү менен 45 күн мыйзамсыз камалганын, азыр жаштар «черныйлардан» эмес, «красныйлардан» коркуп калганын айтты.