-
Категория
Нарын облусунун Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагына караштуу 8-Март айылынын тургуну Болотбек Тынаев үй канаттууларын багып, киреше таап келет. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.
Тынаев Болотбек Абинович 1970-жылы 7-март күнү 8-Март айылында туулган. Нарын шаарындагы 8 жылдык Таабалды Жукеев (Пудовкин) атындагы мектеп-интернатында, андан соң Ат-Башы гидроэлектр станциясынын алдындагы мелиоративдик-гидротехникалык 3 жылдык кесиптик окуу жайында билим алган. Окуу жайды бүткөн соң 1 жыл 3 ай Украинада, калган 6 ай Челябинскиде аскердик кызматын өтөгөн. Аскерден келген соң айылда ар кандай жумуштарда иштеген. Үй-бүлөлүү. Жубайы Мээрим Ашыралиева менен 1997-жылы үйлөнгөн. Ал буга чейин айыл өкмөттө социалдык маселелер боюнча адис, учурда айылдык маданият үйүндө эмгектенип келет. Алардын 3 уул, 2 кызы бар.
Каарманыбыз канаттууларга кызыгарын айтты.
«Аскерден дароо эле айылга келдим. Өз кесибим менен иштеген жокмун. Кийинчерээк эле үй канаттууларга кызыгуум артып, тоок жана үндүктөрдүн түрүн бактым. Эт багытындагы, жумуртка багытындагы тоокторду бактым. Үндүктүн түрлөрүн, индоуткаларды бактым. Анан мурдагы жылы (2024-жылы) сынап көрөйүн деп бир баш төө куш сатып алгам. Аны 3 жыл бактым. Өткөн жылдын кыш мезгилинде дагы 3 баш сатып келдим. Ошону менен 4 баш төө кушум бар. Төө куштарды Чүйдөн сатып алганбыз. Алар Өзбекстандан алып келишиптир. 5 жаштагы төө куштар. Экөө тууп жатат. Булар 3 күндө бир тууйт экен. Кышында үшүбөйт. 40 градус суукта жүрө берет. Дробилкага чөптү майдалап жана суусун, жемин ноосуна салып коёбуз. Эми мунун этин, жумурткасын, жөжөлөрүн деле сатып көрө элекмин. Былтыр дагы бирөөдөн 1 баш төө куш сатып алган элем. Байкабай калган экенмин. Көзү ооруйт экен. «Кой эми, бөөдө өлүп калбасын» деп сойдум. Анын үстүнө кошуналар, туугандар дагы «эти кандай болот экен» деп кызыккандарынан союп жеп койдук», - деди Болотбек Тынаев.
Беш жаштагы төө куш 120 киограммга чейин эт берет
«Бул төө куштан кадимкидей жылкыныкындай чучук чыкты. 5 жаштагы төө куш эле. Эттүү болуп, 120 килограммга чейин эт берет экен. Инкубатор аппаратым бар. Жөжө чыгарайын деп жумурткаларын чогултуп жатам. Кадимкидей казысы болуп, эти жылкыныкындай экен. Жумурткасын мындай бышырып жегенге алсаң 2 миң сом, ал эми балапан чыга турчу жумурткалары 5 миң сом болот дешти. Ал эми этин 1000-1500 сомго чейин сатышат экен. Мен сатып көрө элекмин. Бир төө куш бир жылда 35-40 жумуртка тууйт. 70-80 жыл жашайт экен. Төө кушту кандай кылып соёт деп көпчүлүк кызыгып суроо берет. Алгач, төө кушту кармап, башына кадимки эле байпакты (носки) кийгизе койсоң эле, көрбөй калып, тура берет. Анан эки киши эки канатынан колтуктап жетелесең эле тамтаңдап басып берет. Бутун бууп, жыгып алып, "бисмилляхты" деп бата кылып, биринчи кекиртегинен мууздап аласың. Андан кийин, төштөн өйдө жагынан дагы бир мууздасаң каны жакшы агат. Жүнү бири-биринен сөөм-сөөм алыс өсөт экен дагы, денесин бүт эле пух басып турат экен. Жүнүн кургак эле кол менен тартып койсоң жулунат. Териси калың болот. Терисин кадимкидей эле мал сойгондой эле сыйрып сойдук», - деди Болотбек мырза.
Каарманыбыз үндүктөрдү 3 миң сомдон 8 миң сомго чейин сатат
«Төө куштан башка дагы индоутка багам. 2-3 индоутка бар. Былтыр көп болчу. Түркүмүн (парода) алмаштыруу максатында сатчусун сатып, сойчусун союп жеп койгонбуз. Мындан тышкары, үндүк багабыз. Учурда 20 дан ашык үндүк бар. Мунун 15 баш үндүк учурда жумуртка басып жатат. Өткөн жылы 300 баш үндүк баккам. 150 үндүктү жаңы жылда саттым. Жөжө кездеринде атайын даярдалган жемин беребиз. Өзүбүз дагы жасап беребиз. Торолуп калганда талаага чегирткеге чыгарабыз. Ошондой эле 200 дөй эт багытындагы бройлер тоокторун багып жатам. Булардын өзүнүн атайын жеми менен багабыз. Короодон сыртка чыгарбайбыз. Негизи эле канаттуу 3 кө бөлүнөт; Парода, кросский жана гибрид болуп. Парода - бул асыл-тукум. Алар «Северо Кавказ боронзо» деген үндүк бар. Бул бир жылда 60 жумуртка тууйт. Өзү жумуртка басып, жөжө чыгарат. «Ак кең төш» деген үндүк бар. Ал 120 жумурткага чейин тууйт. Мындан башка дагы «Ташкентский», «Тихорецкий» жана башка пародалар бар. «Северо Кавказ боронзо» жана «Ак кең төш» үндүктөрдүн короздору 16 килограммга чейин, ургаачылары 8-11 килограммга чейин эт берет. Ал кросский үндүктөрдүн көпчүлүгү эт багытында болушат. Мисалы, «Биг6», «Хайбрид» дегендер. Булар 1 жыла 30 килограммга чейин эт берет. Ал эми гибрид түркүмүндөгүлөр - булар тигинден-мындан аралашып чыгып калган үндүктөр. Бизче айтканда, кыргыз тоок, кыргыз үндүк дегендердин бардыгы гибрид. Булар жумурткаларын өздөрү басып, өздөрү жөжө чыгарат. Тың болушат. Короздору 5-6 килограмм, ал эми ургаачылары 3-4 килограмм эт берет. Ал эми сатуу боюнча айтсам, салмагына жараша сатылат да. 3 миң сомдон 8 миң сомго чейин сатылат. Көп жылдардан бери баккандыктан сатуу жагынан кыйналбайм. Кардарларым көп. Өздөрү буйрутма беришет. Мамлекеттик жарманкелерди уюштуруп жатышат. Ошол жактарга барып катышам. Кардарлар ошол жактан табылат. Айылдагылар албайт. Көбүн эсе Бишкек жана Нарын шаарынан сатып алышат», - деди Болотбек Тынаев.
Түйшүгү менен көйгөйү
«Муну ооз менен сүйлөп, багып, көбөйтүп, сатып, акча тапкан укмуш көрүнүш боло берет. Бирок, мунун түмөн түйшүгү бар. Тоок, жөжө, үндүк ооруса өзүң кошо ооруйсуң. Өлсө кейийсиң. Жем-тоютун камдап, жаш баладай кылып караш керек. Эң олуттуу көйгөй - Кыргызстанда канаттуулар боюнча ветеринарлар жок. Нарындан дегеле таппадым. Ветеринар дагы, атасы дагы, апасы дагы өзүбүзпүз. Жубайым жумушта. Кээде карашат. Колумда 6-класста окуган уулум бар. Уулум экөөлөп карайбыз. Жакында эс алууга чыгышат. Эми бийликтен деле эч кандай колдоо жок. Эч кандай деле мамлекет тарабынан сыйлык алган эмесмин. Бийлик тарабынан жеңилдетилген насыяларды берсе чарбаны көбөйтөт элек. Көп эле семинарларга катышам. Уй багуу, мал багуу, 10 пайыз, 16 пайыз деген жеңилдетилген насыялар бар экен. Бар болгону менен канаттуу шар боюнча жок экен. Болсо, канаттууларга ылацыкташиырып сарай салып, канаттуулар чарбасын колго алсакпы дегем. Азыр болсо өзүбүздүн алыбызг, короо жайыбызга жараша эле багып жатабыз», - деди Болотбек Тынаев.