Ак-Талаа; ADCC грепплинг күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатында 8 спортчу байгелүү кайтты.

turmush
Скачать
Просмотров: 0
 
Опубликовано 16 Мая 2026, 10:18

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылындагы Рыскелди уулу Туратбек атындагы спорт клубдун ADCC грепплинг күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатында 8 спортчу байгелүү кайтты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган айылдагы Рыскелди уулу Туратбек атындагы спорт клубдун негиздөөчүсү, спортчу жана машыктыруучу Камчыбек Төлөпалды уулунун айтымында, Бишкек шаарында ADCC грепплинг күрөшү боюнча 2026-жылдагы Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтүп, ага аталган спорт клубдан 18 жаштан жогорку 11 балбан катышты. Жыйынтыгында 11 баладан 8 балбан өз жаш курактарында өз салмактарында байгелүү орундарга жетишти.

- 1-орун э Азирет Жунусбеков,
- 2-орун Майрамбек уулу Адил,
- 2-орун Ныязбек уулу Алишер,
- 2-орун Усман Токталиев,
- 3-орун Бексултан Бердалиев,
- 3-орун Майрамбек уулу Тариел,
- 3-орун Эрлан Токталиев камсыздады.

Мындан тышкары, машыктыруучу Камчыбек Төлөпалды уулу өзү дагы 77 килограмм салмактагылар арасында күч сынашып, грэпплинг боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону болду.

«Эки окуучума жана өзүмө айылдаш иним тарабынан эмгегибиз бааланып белек катары "IPhohe 17 pro max" үлгүсүндөгү телефон белеке берилди. Мен үчүн эң башкысы спорт жана окуучуларымдын ийгилиги. Чемпионат бүткөн күндүн эртеси «Азия арстаны» деген каймана аттуу белгилүү мушкер Тилек Жээнбеков бизди сый тамака чакырып, жеңишибиз менен куттуктап, чай үстүндө спорт боюнча акыл-насааты менен бөлүштү. Негизги максатым окуучуларымды өстүрүү, алардан дүйнө чемпиондорун чыгаруу жана ветерандар арасында эркин күрөш боюнча жана грепплинг күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болуу максатым бар», - деди Камчыбек Төлөпалды уулу.



--
Отправлено из Mail для Android