Бүгүн 15-май президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундардын бири Абдрашит Мамашев Ноокат районунун акиминин эл арасына чыкпай жатканын жана элдин көйгөйүн укса деген ниетин ачууланып билдирди.