НСПнин жарымы, бирдиктүү салыктын үчтөн бири Ош шаарына калышы мүмкүн

turmush
Скачать
Просмотров: 21
 
Опубликовано 15 Мая 2026, 11:22

Сатуудан түшкөн салыктын 50 пайызын, бирдиктүү салыктын 20-30 пайызын Ош шаарына калтырып берүү маселесин сурадык. Мындай маалыматты Ош шаарынын мэри Жанар Акаев бүгүн, 15-май күнү Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугуушу учурунда жергиликтүү тургундун жолго асфальт төшөө маселесине жооп берип жатып билдирди.

Акаев белгилегендей, НСПнин 50 пайызын Ошко калтыруу маселесин Салык кызматы жактырган. Ошондой эле, Турукташтыруу фондунан жол курууга 1 млрд 200 млн сом акча берилген.