Ак-Талаа; Молдо-Ашуунун кыян суулары жеп кеткен жол тилкелери оңдолду

turmush
Скачать
Просмотров: 18
 
Опубликовано 13 Мая 2026, 12:29

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Куртка - Соң-Көл унаа жолунун кыян суулардын кесепетинен улам суу жеп кеткен жана шагыл түшүп бөгөп калган тилкелери оңдолду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ак-Талаа райондук №15 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Аскар Өмүрбековдун айтымында, аталган унаа жолдун Молдо-Ашуу ашуусундагы унаа жол жаз мезгилинде кар көчкү менен кошо куюлуп түшкөн шагыл бөгөп, ошондой эле өткөндө жааган жамгырдан улам кыян суулары агып, анын кесепетинен жолдун айрым тилкелерин шагыл бөгөп, айрым жерлерин суу жеп кеткен.

Мындан улам, №15 жол тейлөө ишканасы тарабынан шагыл төгүлүп жана шагыл, таш бөгөп калган тилкелери тазаланып, Соң-Көлгө барууна жол ачылгандыгы маалым болду.