Ош шаарынын Абсамат Масалиев №44 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн үстүндөгү ресторанга суу өтүп, жашоочулардын үйлөрүнө кирип кетет. Бул тууралуу бүгүн, 13-май күнү Курманжан-Датка МАБынын тургундары менен Ош шаарынын мэринин жолугушуусунда аталган көп кабаттуу үйдүн жашоочусу Гүлнара Токтосунова билдирди.
Анын айтымында, Жогорку Кеңештин экс-депутаты курган көп кабаттуу үйдүн үстүндө ресторан жайгашкан. Ресторанга суу өткөн учурда саркынды суулар жашоочулардын батирине чейин кирип кетет.