Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу 1-Май айылында келечегинен көптү үмүттөндүргөн өнөрлүү кыз жашайт. 11 жаштагы Айтең Рахатбекова учурда 5-класстын окуучусу болгонуна карабай, ырчылык, кол өнөрчүлүк жана тамак-аш жасоо өнөрүн чогуу алып барууда.