Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Төөлөс айыл аймагында суу тартыштыгы боюнча маселе көтөрүлдү.
Бүгүн, 12-майда президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев тиешелүү жетекчилер менен бирген Төөлөс айыл аймагынын жашоочулары менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Додон айылынын тургуну Кубанычбек Жанбилов суу тартыштыгына токтолду.