Ак-Талаа: Согуш майданында 2 жолу жарадар болгон Сары Жээренчиев

turmush
Скачать
Просмотров: 19
 
Опубликовано 8 Мая 2026, 14:07

Улуу Ата-Мекендик согуштун аяктагандыгынын 81 жылдыгына карата Turmush басылмасы 1941-1945-жылдагы дүйнөлүк экинчи согуштун ардагерлери тууралуу баяндаманы улантууда. Бул жолу Терек айылынын тургуну Адылбек Рыскул уулу чоң атасы Сары Жээренчиев жөнүндө аймактык кабарчы менен маектешти.

Оң колунан ажыраган жоокер

"Сары Жээренчиев 1914-жылы Келте-Чап (азыркы Терек) айылында туулган. Чоң атамдын балалык чагы Келте-Чап өрөөнүндө өтүп, Совет доорунда колхоздун ар кандай жумуштарында иштеп жаткан учурда, 1941-жылы алгачкылардан болуп согушка аттанат. Ал 991-аткычтар дивизиясында кызмат өтөп, ал тургай ал дивизиянын курамындагы аскердик бөлүктүн командири болуптур. 1943-жылы бутунан оор жарадар болуп, госпиталга жаткырылат. Госпиталдан чыккан соң кайрадан кан майданга кирет. 1945-жылы экинчи жолу жарадар болуп, оң колунан ажырайт. Согуш аяктаганда мекенине 1947-жылы сержант аскердик чини менен аман-эсен кайтып келиптир. Негизи чоң атам 5 бир тууган болушкан экен. Согушка бир үйдөн үч бир тууган кетиптир. Агалары Ыбырай атабыз, Токтоку атабыз, иниси Маметжан. Согушка Ыбырай ата, Сары чоң атам жана Маметжан атабвз кетиптир. Ыбырай атабыз согуштан келгенден кийин көп өтпөй эле каза болуптур. Маметжан атабыз дайынсыз жоголгон экен. Мындан тышкары, Жээренчи атабыздын иниси бар экен. Ал инисинин Бакас деген баласы дагы согушка кетиптир. Бакас атабыз дагы согуштан келгенден кийин каза болду. Согуштан келгенден кийин көп өтпөй эле чоң энем Турдубү Жээренчиева менен үйлөнөт. Келгенден соң Сталин атындагы орто мектебинде аскерге чейинки даярдоо сабагынын мугалими болуп 2 жыл эмгектениптир. 1950-жылдары райондук даярдоочу, Келте-Чап колхозунда бир нече жыл бригадир, жылкычы, бир топ жыл малчы болуп эмгектенип 1977-жылы ардактуу эс алууга чыккан. Чоң атам менен чоң энем 1 уул 3 кыздуу болушат. ", - деди небереси Адылбек.

4 күн ачка калган жоокерлер

"Чоң атам согуш учурундагы окуяларынан көп деле эмес, кээде айтып калчу. 1945-жылдын 9-май күнү согуштук талаада, туман каптап турган кезде калышып, 4 күн эч жак менен байланыша алышпай ачка жатышканын, ачкалыктан картошканын кабыктарын отко кактап жеп, кайыңды кыя кесип, андан тамчылап аккан сууну идишке тосуп ичип жан сактаганбыз деп айтып калар эле. Ал ротаны деле 4 күн үстүнөн самолёт менен издешип, бирок тумандын кесепетинен улам таппай коюшуптур. Туман таркагандан кийин таап, алып кетишиптир. 1945-жылы согуш аяктагандан кийин согуштук талааларда мина тазалап жүргөнбүз. Минанын капсуласын туура эмес жулуп алып, мина жарылып, ошондон улам оң колунан ажырагандыгын айткан. Анан ошондо далымда минанын осколкасы калып калган дечү. Чын эле далысында дөмпөйүп бир нерсе бар болчу. Чоң атам 2000-жылы 86 жаш курагында дүйнө өттү", - деди Адылбек Рыскул уулу.

Архивдик документтер


Каарманыбыз Сары Жээренчиев кызмат өтөгөн 991-аткычтар полкунун согуштук жолуна көз жибертсек. 991-аткычтар 258-аткычтар дивизиясынын 2-бөлүмдүк курамына кирген ден тартып 1942-жылы Сталинград салгылашуусуна катышкан. Полк Сталинграддын Котлубан жанындагы айыгышкан коргонуу жана чабуул салгылашууларына катышып, туруктуулукту көрсөткөн. Полкко таандык болгон дивизия 1942-жылдын 21-ноябрынан 1943-жылдын 15-февралына чейинки салгылашууларда 410 километрге илгерилеп, калктуу райондорду бошоткон. 991-аткычтар полку Сталинград чабуулунун жүрүшүндө кандуу салгылашууларды жүргүзүп, чабуулдарды кайтарып, андан кийин каршы чабуулга өткөн. Аталган полк 1942-1943-жылдын кыш айларында Дон фронтунун курамында полк Сталинграддагы немис аскерлерин жоюуга катышкан. Натыйжада согушта көрсөткөн эрдиги үчүн дивизия гвардиялык дивизияга айландырылып, 1943-жылдын 4-майында 96-гвардиялык аткычтар дивизиясы болгон. Дивизиянын курамына Хакасиядан чакырылган жоокерлер кирген. Сталинграддан кийин дивизия «Иловайская» деген ардактуу наамды алып, өзүнүн согуштук жолун улантып, Миус дарыясындагы коргонууну жарып өтүп, Белоруссияны, Польшаны бошотууга, Берлинге чабуул коюуга катышкан. Демек, Сары Жээренчиев 96-гварлиялык дивизиянын катарында согуштук жолуна улантып Берлинге чейин кирген десек болот.




 



--
Отправлено из Mail для Android