Бишкек—Ош жолунда жол эрежесин одоно бузган айдоочуга айып пул салынды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Социалдык тармакта жол эрежесин одоно бузган айдоочунун видеосу тараган. Анда «DAF» үлгүсүндөгү унаа Бишкек—Ош унаа жолунан карама-каршы тилкеге чыгып, жол эрежесин одоно бузган. Аталган унаанын айдоочусуна 15 миң сомго айып пул салынды.