Талас районунда нөшөрлүү жамгырдан улам сел жүрүп, айдоо жерлер жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынан билдиришти.
Сел Талас районуна караштуу Арашан айылында кечээ, 4-майда болжол менен саат 19:00 чамаларында катталган. Нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Арашан айылынын түштүк-чыгыш тарабындагы кокту-колоттордон сел суулары түшкөн. Натыйжада арыктарга суу батпай, айдоо талааларын каптаган.