Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырыдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, түнкү саат 00:50 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагына караштуу Чаңгыр-Таш айылында сел жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Белгиленген аймака тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган.