Бүгүн, 2-май күнү Талас шаарында жайгашкан борбордук базардын аймагында өрт кырсыгы катталды. Окуя Манас көчөсүндө орун алган базардын ичинде болгон.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрттөн үч контейнер жабыркаган. Анын экөө жашылча-жемиш саткан соода жайлары болсо, дагы бири күнүмдүк керектелүүчү буюмдар жана кийим-кече саткан контейнер болгон.
Өрттү өчүрүү иштерине тиешелүү кызматтар тартылып, жалын толугу менен саат 19:30 чамасында өчүрүлгөн. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.