Кадамжайдагы сел: Кадамжай—Чечме—Сох унаа тазаланып, каттам үчүн ачылды

turmush
Скачать
Просмотров: 112
 
Опубликовано 1 Мая 2026, 16:57

Баткен облусунун Кадамжай районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат.

2026-жылдын 1-май күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Баткен облусунун Кадамжай районунда селдин кесепеттерине ыкчам чара көрүп, тазалоо жана инфраструктураны калыбына келтирүү иштерин уюштурушту.

Тиешелүү кызматтар менен биргеликте жана координацияланган аракеттердин натыйжасында Кадамжай—Чечме—Сох унаа жолу сел калдыктарынан толук тазаланып, каттам үчүн ачылды. Турак үйлөргө жана социалдык объекттерге зыян келтирилген эмес.