Ак-Талаа; Чебер айым Чынара Балтаева кол өнөрчүлүктүн көп түрү менен алектенет
-
Категория
"Айыл турмушу" рубрикабыздын кезектеги каарманы Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Коңорчок айылынын 54 жаштагы тургуну Чынара Балтаева кол өнөрчүлүктүн түрүн жасоодо. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.
Балтаева Чынара Мамбетказиева 1972-жылы 25-май күнү Чолок-Кайың айылында төрөлгөн. Аталган айылдагы Бердалы Календеров атындагы орто мектебинде билим алган. Ошол кездеги 1 жыл 8 айлык борбордук окуу комбинатынын айыл чарба тармагы боюнча билим алып, бухгалтерлик кесипке ээ болгон. Окууну аяктап келген соң Ленин колхозунда 3 жыл эмгектенген. Үй-бүлөлүү. Жолдошу Каныбек Жусупов мурунку токой чарба кызматкер. Учурда жеке багбанчылык менен алектенет. 1 уул 1 кыздын энеси, 3 неберенин чоң энеси.
Кол өнөрчүлүк
- Апам Токтобүбү Эстебесова 12-13 жашымда эле көйнөк бычтырып, аны тиктирип, жүн сабатып, түймө түйдүрүп, кийиз жасатып, айтор өзү менен кошо ала жүрүп үйрөткөн. Кол өнөрчүлүк этө устатым апам болчу. Окууну бүтүп келгенден кийин 3 жылдай убакыт колхоздо иштедим. Андан кийин турмушка чыгып, балалуу болдук. Уулум Султангазы 3-класстан баштап эле аккардеон тартып ырдап калса, кызым Гүлжан комуз чертип ырдап, бийлеп калышты. Айтор, экөө тең таланттуу болуп, маданий иш-чараларга, сынактарга катышып, сахнага чыгып калышты. Аларга сахнанын кийимдерин илгерки кол машина менен тигип берем. Экөөнүн кийимин көргөндөр буйрутма бере башташты. Ошону менен сахна кийимдерин тигип калдым. Негизи эле шырдак, кийиз көлдөлөң жасайм. Карышкыр ичиктерди тигем. Буга чейин суур, ондатрлардын терилеринен тумак, тебетей тиккем. Мындан тышкары көөкөр тигем. Жууркан, жаздыктарды жасайм. Кыздарга сеп даярдайм.
Карышкыр ичик
- Буга чейин буйрутма менен карышкыр ичик дагы тигип жүрдүм. Мындан 7-8 мурун Чолок-Кайың айылынан ыраматылык Асек Оморов аке буйрутма берди. Карышкыр терилерин өзү алып келип берди. Ошол карышкыр ичик жалпы 7 карышкырдын териси менен жасалды. Ичиктин жакасына бөлтүрүктүн териси тигилди. Алгач терилерди ийлеп алдык. Терини ашатыш үчүн лимон кислотасын колдондук. Ийлегенин жолдошум Каныбек ийлеп берди. Тери ийленип, даяр болгондон кийин ичикти тигүүгө 3 күндөн 7 күнгө чейинки убакытта эле жасап бүтөм. Убактысы деле буйрутма берген адамга көз каранды. Аз убакытты айтса ошол убакытта бүткөрүп бергенге аракет кылам. Эмгек акымды деле "баланча сом" деп айтпайм. Көбүн эсе эле "көңүлүңүздөн чыккан акчаны бере бергилечи" деп коём. Асек аке 2 миң сом берсе керек эле. Негизи эле, көбүрөк акча айткандан адамдарды "көңүлү ооруп калабы" деп аяй берем. Кичинекей нерсе тигип берсем деле "көңүлүңдөн чыкканын эле берип кой" деп коём. Карышкыр ичикке азырынча буйрутма түшө элек. Буйрутма беришсе тиге берем.
Суур тумактар, ондатр тебетейлер
- Союз тарап кетип, 1992-жылдан 2002-жылдарга чейин кыйынчылык заман болуп, элде жумуш жок, акча жок, айтор аябай кыйын заман болду эле го. Ар ким колунан келген ишин жасап, жан багыштын аракетине өтүп калбадыбы. Ошол учурда, суур тери, ондатрдын терисинен тумак, тебетей тигип, сатып, оокат кылып баштадык да. Жолдошум Каныбек жайкысын жайлоого бир айлап суур кармап келүүгө кетет. Ал жактан суур терилерди алып келет. Отуруп алып ашатып, ийлеп, кара боёкко боёп чыгабыз. Анан "ушанка", "обманка" тумактарды тигип, бир тумакты 1 баш койго сатабыз. Ал кезде "суур тумак" аябай баа болуп жаткан. Суур тумак кийбеген киши калган жок го. Андан кийин, Сүттүү-Булак деген чөлкөмгө сарайга барып жашап калдык. Ал жак суулуу жер болуп, сугат суу насосторунун көлмөлөрү бар эле. Ондатрлар көп болчу. Ондатрлар кечкисин күн батып бара жаткан учурда суудан чыгышат экен да. Ошол учурда жолдошум Каныбек барып атып келчү. Ондатрдын терисинен дагы тумак жасап сатып калдык. 5 ондатрдын терисинен 1 тумак жасалчу. Ошол кездерде тебетей жок болуп кеткен. Тебетей тиккен кол өнөрчүлөр дагы жок, тебетей тигилбей, аксакалдар тебетей кийбей калышты да. Ондатрдын терилеринен тебетей тигип баштадым. 3 тебетей тигип, 1 тебетейди 1 баш торпокко саттык. Ал 3 тебетейди Бекболот ата, Апыш ата жана Медет ата сатып алышкан. Бир тебетейди терини жууп, ийлеп, ал ийге келүүсү, тигүүсү менен 5-6 күндө тигип бүткөрчүбүз. Ал кезде сарайда электр жарыгы жок болчу. Түнү менен чырактын жарыгына отуруп алып тигип чыкчубуз. Анда биз жашпыз, анын үстүнө мал күтөлү деген максатыбыз бар эле. Максатыбызга жетиш үчүн күн-түн дебей жанталашып иштейт элек. Сүлөөсүндөн дагы тебетей тиктик. Бир ата тоодон сүлөөсүн кармап, терилерин алып келиптир. Эки кишиге тебетей тигип бердик. Бирок, сүлөөсүндүн териси жаккан жок мага. Жакшы болбой калат экен.
Көз жоосун алган көөкөрлөр
- Көбүн эсе буйрутма аркылуу көөкөр тиктим. Майрамдык иш чараларга, көргөзмөгө койгонго көөкөргө буйрутма көп беришет. Көөкөр негизи төөнүн, уйдун, жылкынын терисинен тигилет да. Кийинчерек жандандырайын деп ойлонуп калдым. Бизде го төөнүн териси жок. Бирок уйдун, жылкынын териси көп эле да. Уйдун терисинен биринчи көөкөрдү тигип алып, ичине кум салып, формасына келтирип алып, анан кургатат экен да. Ушундай нукуралуулукка өтсөмбү деп жатам. Азыркы учурда кыргыздын улуттук салтына,баш кийимдерге, буюмдарына көңүл бурулуп калбадыбы. Ошондон улам, нукура көөкөр жасайын деп пландап жатам. Бул көөкөрлөрдү даяр териден тигип, ичине 1 литрлик желим бөтөлкө коюп, айланасына кебез, жүн салып, сыртын даяр тери менен каптап тигип чыктым. Бул деле көп эмгекти талап кылат. Быйыл, Ноорузда Нарынга президент Садыр Жапаров келбедиби. Ошого, Ала-Буга айыл өкмөтү көргөзмөгө алып барганга 11 даанага буйрутма беришкен. Күн-түн дебей, туура 2 күндө жасап бердим. Ага кымыз, айран жана башка улуттук суусундуктарды куюп кетишкен. Бул эми накта, илгерки кыргыз көөкөрүндөй эмес. Нукура көөуөрлөрдү эми жасап баштайм, буюрса. Колдон келет эле окшойт.
Сахна формалары
- Мектептерде, бала бакчаларда жана маданият үйлөрүндө маданий иш чаралар, сынактар, бийлер өтөт эмеспи. Ошол сахнага кийип чыкканга ар кандай сахна формаларына буйрутма беришет. Эркек балдарга сахна костюм-шымдарды, кыздарга бий үчүн бий формаларын тигип берип келем. "Манас" айтуу же "Манас таануу" сыяктуу маданий иш-чаралар өтөт. Сахнада эпостон ар кандай эпизоддорду сахнага алып чыгып коюшат эмеспи. Ошого жараша жоокерлердин зоот кийимдерди, башка кийген туулгалардын үлгүлөрүн тигип берем. Буйрутма түшкөндөн кийин 1 түн "кандай кылсам болот, мындай кылсам кандай болот, тигиндей кылсам кандай болот" деп уктабай, ошонун үлгүсүн ойлонуп чыгам. Жакшы ойлор келип калат, ошону менен тигип баштайм. Бул деле чыгармачылык менен иштөөнү талап кылат. Азыр деле балдарыма тебетей жана башка кийимдерди өзүм эле тигип берип коём.
Үлгүлүү үй-бүлө
- Көргөзмөлөргө, сынактарга деле көп катышпайм. 2015-жылы ошол кездеги маданият бөлүмүнүн жетекчиси Марипа Муканова эже кол өнөрчүлөрдүн сынагын өткөрдү. Ошол сынакта "Үлгүлүү үй-бүлө" деген наам жана акчалай сыйлык алдык. Анткени, кол өнөрчүлүк кылганыма жолдошум дагы көп жардам берет да. Эң кымбат баага саткан эмгегим, башында айткан 3 ондатр тебетей болгон. Ар бирин бирден торпокко сатканбыз. Негизи, жаш кезде мал күтүп, бутка туруп алуубузга суур тумак, ондатр тумактарлы тигип сатканыбыз пайдасын тийгизген. Ошондо мал көбөйтүп кеткенбиз да. Башка деле кымбат баага саткан же жасаганым деле жок. Окуучуларга сахна кийимдерин акчага тигип бергеним менен, арзан эле баага тигем. Мугалимдери келет "бул сынакка бара жатканбыз, материалына мынча сом кетип калды, мындай-тигиндей болуп калды" деп айтып калышат. "Кой, өздөрү кыйналып жатышса" деп айрым учурларда бекер эле тигип берип коём. Башында айткандай, көңүлдөрүнөн чыкканын гана алам. Мен өзүм кол өнөрчүлүктү, тиккенди жакшы көрөм да. Ошол үчүн эле бекер деле тигип берип коё берем. Мисалы, бир сахна көйнөктү 500 сомдон 800 сомго чейин тигем. Бирок,бир эле көйнөк тикпейм да. 5 көйнөктөн 10-15 көйнөккө чейин тигем. Өзгөчө "Алиппе" майрамына балдарга, кыздарга сахна кийимдерин көп тиктирип кетип турушат.
Улуттук өнөрдү унутта калтырбоо
- Кол өнөрчүлүк менен алектенип жүргөнүмдүн негизги максаты - кыргыз элинин кол өнөрчүлүгү, улуттук кийимдери, улуттук буюмдарын унутта калтырбай, муундан муунга өткөрүп берип койсок деген эле тилегим. Мага өзүмдүн апам устат болсо, менин дагы шакиртим бар дегендей. Шакиртим өкүл кызыбыз Нургүл Шайбекова. Кээде иш аябай көп болуп, жетишпей жаткан учурумда чакырып алам. Ага дагы, биринчи кезекте кол өнөрчүлүктү үйрөтүү болсо, экинчи кезекте бирге иштөө да. Мурда эски кол машинка менен тигип келгем. Учурда, заманбап электр тогу менен иштеген машинкам бар. Негизи чоң кайненем дагы аябай уз киши болгон экен. Балдарына тебетей тигип берип турчу тура. Жолдошум Каныбек жанагындай тери ашатканды, ийлегенди, бычканды чоң энесинен үйрөнүп алыптыр. Мындан тышкары, эшикке түркүн гүлдөрдү өстүргөндү жана бөлмө гүлдөрүн өстүргөндү аябай жакшы көрөм. Гүлгө аябай кызыгам. Кыздарга сеп даярдайм. Жууркан жана узун жаздыктары менен жасайм. Кол өнөрчүлүктүн көп эле түрү менен алектенем.
--
Отправлено из Mail для Android