Чүй облусунун Ысык-Ата районунда автоээнбаштык жасаган айдоочуга айып пул салынды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Социалдык тармактарда «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү жүк ташыган унаанын артында эки жаран жабышып бара жатканда тартылга видео тараган. Окуя Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айылында болгон.