Ак-Талаа; Обончу жана аткаруучу Бактыбай Бүдүков 30 дан ашык обон жараткан

turmush
Скачать
Просмотров: 27
 
Опубликовано 30 Апреля 2026, 01:52

"Тарых инсаны" рубрикабыздын кезектеги каарманы Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылынан чыккан обончу Бактыбай Бүдүков 30 дан ашык обондуу ырларды жараткан. Ал тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бактыбай Бүдүков 1952-жылы 10-январь күнү Кош-Дөбө айылында туулган. 1958-1968-жылдары аталган айылдагы 1-Май (азыркы Эргеш Мейманов) атындагы орто мектебинде, мектепти аяктаган соң Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы музыкалык окуу жайында музыка мугалими кесибине ээ болгон. Каарманыбыз жубайы Сүйүнбүбү Стамкулова экөө 5 уул 1 кыздуу болушкан. 1974-1981-жылдары Чолок-Кайың айылынын Ленин - №1 (азыркы Бердалы Календеров) орто мектебинде мугалим, 1981-1984-жылдары Ак-Талаа райондук маданият үйүнүн директору, 1984-1986-жылдары райондук Мааданбек Барашов атындагы №40 кесиптик лицейде окутуу мастери, 1986-1993-жылдары райондук Нурак Абдрахманов атындагы балдар-музыкалык мектебинин директору, 1993-2001-жылдары музыкалык мектепте комуз жана баян сабагынын мугалими, 2001-2008-жылдары Кош-Дөбө айылдык Амангелди Шеримбеков атындагы маданият үйүнүн директору кызматтарын аркалаган. Бактыбай Бүдүков 1979-жылы алгачкы "Наристем" аттуу обондуу ырын чыгарган. Ал жалпы 30 тан ашык обондуу ырлардын автору болууга жетишкен. Алардын арасында "Балалык", "Жолукпаган махабат", "Кең Бычан", "Айтчы секет", "Кел кутманым Ноорузум" сыяктуу жана башка салмактуу чыгармаларды жараткан. 1993-жылы Ак-Талаа районунда облустук деңгээлде автордук кечесин өткөргөн. Баетов айылындагы Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин ГИМНнин автору болгон. Ошондой эле, Кош-Дөбө айылында Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинде комуз ийримин ачып, окуучуларга комуз чертүүнү үйрөтүп келген. Анын окуучулары Дүйнөлүк 2-Көчмөндөр оюнунун ачылышында 1000 комузчунун катарында комуз чертүүгө катышкан. Бүткүл союздук жаштар фестивалынын 2 жолку лауреаты, "Үй-бүлөлүк музыкалык ансамблдеринин" 1-даражадагы диплому, Кыргыз Республикасынын маданият министрлигинин ардак грамотасы, "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгиси, Кыргыз Республикасынын "Ардактуу аксакалы", "Маданияттын мыкты кызматкери" жана башка бир катар сыйлыктар, наамдар менен сыйланган.

Жубайы Сүйүнбүбү Стамкулова Бактыбай Бүдүков бөлмөгө өзүнчө отуруп алып кыягы менен обон чыгарып жүргөндүгүн айтты.

"Бактыбай экөөбүз 1973-жылы баш кошконбуз. Мен музыкалык окуу жайдын башталгыч мектепке чейинки бөлүмүн окуп бүттүм. 1973-жылы мен Кош-Дөбө айылына келип иштеп калдым. Бактыбай Ленин айылына иштеп калды. 1979-жылы Бактыбай Ак-Талаа району боюнча кантата деген вокалдык чыгарма даярдап, Фрунзеге барып, 1-орунду алып келишти. Жолдошум кишиге катуу мамиле жасабаган, астейдил жакшы мамиле жасаган киши болчу. Балдарды дагы каарып, урушкан эмес. Достору "Бактыбай мындайсың, тигиндейсиң" деп тамашалап калышса, аларга "ии ооба, сеники туура" деп койчу. Өзү көп сүйлөбөгөн, токтоо адам эле. Көпчүлүк учурда, өрүк жыгачынан комуз чаап, аны жакындарына, окуучуларына белекке берчү. Ак-Талаага Төрөгелдиев деген райондун 1-секретары келип "өрүк жыгач алып келип берсем, мага комуз чаап бересиңби" деген. Ал кишиге комуз чаап берген. Эки балабыз окуу жайда окучу. Алар жайында каникулга келгенде, жакын адамдарды үйгө чакырып алып, кыяк тартып, комуз чертип ырдап, аларга үйдөн концерт коюп берчү. Илхому келгенде өзүнчө бир бөлмөгө отуруп алып, кыягын тартып, кыңылдап обон чыгарчу. Мага келип "жаңы ыр даяр болду, ырдап берейинби" деп ырдап берчү", - деди байбичеси Сүйүнбүбү Стамкулова.

Обончу эле эмес, куруучу дагы болчу.

"1979-жылдар бекен же андан кийинки жылдарбы...эсимде жок. Айтор, куудул Күмөндөр Абыловдун атасы Мукул аксакал үйгө келип жүрдү. Ал аксакал абдан кыйын комуз чертчү. Экөө үйдөн жарышып комуз чертишчү. Бактыбайга "бул жериң мындай черт, бул жери туура эмес" деп ал киши дагы бир топ багыт берип турчу. Ал аксакал көп келип жүрдү. Мындан тышкары, үйгө Нурдин Түгөлов деген белгилүү балетмейстер келип, Ак-Талаадан бийчилерди даярдаган. Бактыбай куруучу дагы болчу. 1981-жылы Баетовго жаңы келгенде "убактылуу жашай туралы" деп кичирек үй салган. 1985-жылы чоң үйдү бүт өз колу менен куруп чыкты. Ал эми бул Кош-Дөбөдөгү үйдү дагы өз колу менен куруп бүткөрдү. Азыркы Нурак Абдырахманов атындагы музыкалык мектебинде директор болуп турган кезде, мектепте бөлмөлөр жетишпей, тар болуп, көйгөй жаратчу. Ошондо Бактыбай менен Марат Бердалиев экөө ал имаратка кошумча бөлмө улап, топурак менен сокмо дубал кылып курушкан. Кийин эле, ар кимиси эле "мен салдырткам" деп айтып калгандарын угуп калдык. Аны өз колу менен Марат экөө курганын ошол кездегилер жакшы билет. Кийин "Кош-Дөбө айылына музыкалык мектеп курдурам" деген максаты ишке ашпай калды. Тиешелүү жактарга сунуштап жүрдү. Бирок, эч ким колдобой койду да", - деди Сүйүнбүбү апа.

45 сомум, 45 чоңум бар...

"Илгери, Марат Бердалиевдин атасы Акималы аксакал Кош-Дөбөдө сельсовет болуп турганда, бирөөлөр "эй Акималы эмне кылып жатасың" десе, ал аксакал "эмнесин сурайсың, 45 сомум бар, 45 чоңум бар, ар кимиси чоң чыгат, баарыныкын жасай берем" деген тура. Анын сыңарындай, Бактыбай деле комузун, кыягын көтөрүп алып, командировкалап кетчү. Жетекчилердин тапшырмасын аткарып. Марат Бердалиев музыкалык мектепке Бактыбайдан кийин директор болгон. Бактыбай өзү кичинесинен эле кыяк көтөрүп жүргөн окшойт да. Мага деле ал кездерин айткан эмес. Көп сүйлөчү эмес. Мектепте окуп жүргөн кезинде өйүздөн бул өйүзгө достору менен бирге агын суудан өтүп келип окушчу тура. Жолдоштору суудан өтүп кетип, Бактыбай сууга агып кете берчү экен да. Нияз деген досу бар. Ал "кызыл кыягың бар эле, кыягыңды кучактап сууга агып кетчү элең, араңдан зорго кармачу элек" деп тамашалай берчү", - деди С.Стамкулова.

Кожоевдин колунан белек алган кыз.

"Атакемди ээрчип көп жүрдүм. Атакемдин эрке кызы болчумун. Кичинекей кезимде Жогорку Кеңештин президиумунун төрагасы Темирбек Кошоев деген келип, атамдар концерт коюшат да. Мен атакемди ээрчип баршам. Ошол Темирбек Кошоев мага белекке өзүнүн калем-сабын берген. Мен Нарындагы мугалимдик окуу жайдын музыка бөлүмүндө окудум. Каникул учурунда үйгө келгенде, атам бизден кадимкидей эле экзамен алчу. Атакем Нурак Абдырахманов атындагы музыкалык мектепте иштеп жүргөндө мен дагы 2-класс кезимде ал мектепке фортепианого бардым. Анан мугалим "кой сенин колуң жетпейт, комузга эле катыш" деп койду. Кийинки жылы атакем комуз ийримине киргизип койду. Бирок "сен башка мугалимден үйрөн, менден үйрөнө албайсың" деп өзү үйрөткөн жок. Кийин ойлосом, чын эле атама эркелеп, сабактарды аткарбай коюп, үйрөнө албай калмак окшойм да. Бүбира Исаева деген эжеден үйрөнгөм. Ортодон жалкообуз кармап "комуз черткенди үйрөнгүбүз келбей" таштап салып баштасак, атам "эмнеге үйрөнбөйсүңөр, үйрөнгүлө" деп урушуп, анан үйрөндүм да. Азыр комуз черткенди үйрөнүп алганыма сыймыктанам. Эми бир туугандардын бардыгы эле ырдап, комуз чертебиз. Бирок, атамдай болуп обон жараткандарыбыз азырынча жок. Өзүм учурда Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинде музыка мугалими болуп эмгектенем", - деди кызы Жеңишгүл.




--
   Отправлено из Mail для Android