Нарзан айыл өкмөтү суу ташуучу унаалуу болду

turmush
Скачать
Просмотров: 13
 
Опубликовано 29 Апреля 2026, 15:01

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Нарзан айыл өкмөтү суу ташуучу унаалуу болду. Бул тууралуу айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Нарзан айыл аймагы райондун борборунда жайгашкан.

Маалыматка караганда, жергиликтүү бюджеттин эсебинен  сыйымдуулугу 15 куб метр болгон суу ташуучу унаа сатылып алынды. Ал «Таза- Нарзан» муниципалдык ишканасынын карамагына өткөрүлүп берилди.