Ак-Талаа; "Баетов таза аймак" ишканасына жеңил жүк ташуучу унаа алынды

turmush
Скачать
Просмотров: 2
 
Опубликовано 25 Апреля 2026, 17:55

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагына жеңил жүк ташуучу унаа сатылып алынды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

"Баетов таза аймак" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талант Кадыркуловдун айтымында, 2025-жылдын жыйынтыгы менен декабрь айында жергиликтүү бюджеттин эсебинен жеңил жүк ташуучу унаа сатып алуу үчүн мамлекеттик сатып алуулар порталына сынак жарыяланган. Сынактын жыйынтыгы менен ""Howo Centre" (Хово Центр) жоопкерчилиги чектелген коому менен 2 млн 100 миң сомго келишим түзүлгөн.

"Алып келинген унаа азырынча өкмөттүн карамагына алынды. Тийиштүү документтери бүтсө, муниципиалдык ишкананга өткөрүп берилет. Муниципиалдык ишканага кызмат көрсөтүү максатында алынган унаа", - деди Т.Кадыркулов.