Нарын облусунун Ак-Талаа районуна ички көчөлөргө жана чоң жолдорго суу чачып туруу үчүн 2 даана суу чачкан атайын унаалар берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, аталган унаалар өлкө башчысы Садыр Жапаровдун колдоосу менен 1 унаа чаң баскан Баетов - Кош-Дөбө унаа жолуна суу чачып туруу максатында Ала-Буга айыл өкмөтүнө, ал эми бири айылдын ички көчөлөрүнө жана чоң жолдорду суу чачып, тазалап, чаң басты кылып туруу үчүн райондук жол тейлөө ишканасына берилди. Учурда, унаалардын бири жолдо келе жатканы маалым болду.
Алып келинген унаа менен бүгүн 25-апрель күнү жол тейлөө ишканасы жана Баетов айыл аймагынын "Таза Баетов" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан Баетов айылынын борбордук көчөлөрүнө суу чачып чыгышты.
--
Отправлено из Mail для Android