Ак-Талаа; "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" наамдарын алуудагы нааразычылыктар
-
Категория
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун айрым тургундары "Эне даңкы" жана "Баатыр эне" наамдарына документ даярдоо кыйынчылыкка, убаракерчиликке алып келип жатканын айтышууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, Ак-Тал айылынын тургундары "Эне даңкы" медалы жана "Баатыр эне" орденин алыш үчүн бир катар тоскоолдуктарга туш болушуп, 2-3 жылдап ала албай келе жатышкандыгын, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү тургандыгына карабастан, аларды кайрадан нотаниус аркылуу күбөлөндүрүү, балдарынын иштеген жеринен маалымкаттарды алуу иштери, аталган наамдарды алууда кыйынчылык жаратып жаткандыгын, документ даярдоо ишин жеңилдетүү зарыл экендигин айтышты.
Ак-Тал айылынын тургуну, 6 баланын энеси Дамира Турдакунова 2 жылдан бери "Эне даңкы" медалын ала албай келе жатканын айтты.
"Ушул "Эне даңкы" медалы берилип жатат дегенинен, мен дагы "медаль алып койсомбу" деп документ тапшырайын дегем. Анан, бир кыз жым Турцияга кеткен. Анын иштеген жеринен маалымкат (справка) керек экен. Ал жакта жеке жактардан андай маалымкаттар берилбегендиктен, кызым маалымкат бере алган жок. Уулум дагы Россияда иштейт. Ал дагы маалымкат алып бере алган жок. Ошону менен токтоп калды. 6 баламдын тең туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү менде турат. Мен 6 баланын төрөгөндүгүм чын. Мурда союз кезинде бизден эч кандай документ талап кылбай эле, өздөрү чакырып, салтанат менен тапшырышчу. Биз эч кандай документ даярдачу эмеспиз. Документ даярдоо иштерин жеңилдетип эле коюшса болмок", - деди Д.Турдакунова.
Ал эми ушул эле айылдын тургуну Дастан Иманбеков "мамлекет тарабынан өздөрү берген документке өздөрү ишенбей жаткандарына таңгалып жатканын айтты.
"Учурда, "Эне даңкы", "Баатыр эне" наамдары боюнча Жогорку Кеңеште талкуу болуп жаткан экен. Биз дагы ошого сунуш киргизет элек. Ушул наамдар үчүн документ топтоодо кыйынчылыктар бар. Балдардын жарандык күбөлүктөрү, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү, ата-эненин никелешүү күбөлүгү турса, ошондой эле жашап тургандыктары тууралуу маалымдамалар "Түндүк" тиркемесинде турат. Мамлекет тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр, нике күбөлүктөрүн нотариуска барып, кайра күбөлөндүрүш керек экен. Антпесе, кабыл алынбайт экен. Айыл жергесинде нотариустар жок. Райондун борборуна же облустун борборунан барып күбөлөндүрүп келүүгө мажбур болуп жатабыз. Ушунун канчалык зарылчылыгы бар эле? "Мамлекет өзүнүн берген документтерине өзү ишенбей жатабы" деген таңгалычтуу суроолор туулуп жатат. Бул наамдар үчүн жөлөк пулга же пенсияларына деле эч кандай эч нерсе кошулбайт экен. Байкуш энелер "мейли эми, мамлекеттик наамды алып коёлу" дешип документ даярдашат экен. Ал эми балдары чоңоюп, өз алдынча үй-жай күтүп, бири Россияга, бири Турцияга иштегенге чыгып кеткендердин дагы ошол "иштеген жерлеринен маалымкат алып келсин" деп талап кылышат экен. Бардыгы эле мамлекеттик мекемеде иштебейт да. Жеке жактардан иштешет. Жеке жактар андай маалымкаттарды бере беришпейт экен. Анан, бир баласынын иштеген жеринен маалымкат келбей калса, наам берүү каралбайт экен да. Ушинтип, көп балалуу энелерди убаракерчиликке салуунун эмне зарылчылыгы бар дейм да. Туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөсүн эле кабыл ала беришпейби", - деди Д.Иманбеков.
--
Отправлено из Mail для Android