Гүлсүн Абдыжапарова  менен Роман Герасимов сүйүү баяны

turmush
Скачать
Просмотров: 124
 
Опубликовано 17 Апреля 2026, 12:33

«Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Гүлсүн Абдыжапарова  менен Роман Герасимов. Гүлсүн Абдыжапарова Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде жолдошу ислам динин кабыл алып, атын өзгөрткөнүн айтып берди.

Гүлсүн Абдыжапарова 2001-жылы Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Ак-Дөбө айылынын туулган. Учурда Бишкек шаарында жашап, мобилограф болуп эмгектенет. Ал Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз-кытай факультетин аяктаган.

Каарманыбыз 24 жашында турмушка чыккан. Жолдошу — 1998-жылы туулган Роман Герасимов. Ал Бишкекте туулуп-өскөн. Айтымында, жолдошунун улуту орус болгону менен Кыргызстанда чоңоюп-өскөндүктөн менталитет жагынан айырмачылык дээрлик байкалбайт.