-
Категория
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылынын 56 жаштагы тургуну Нуриса Акуналиева союз учурунда саанчы болуп, 19 уй саачу. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.
Нуриса Акуналиева 1970-жылы Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Жаңы-Талап (мурунку Куртка) айылында туулган. Аталган айылда орто мектепти аяктаган соң, 1 жарым жыл колхоздун уй фермасында саанчы болуп эмгектенген. 1989-жылы Ак-Кыя айылына келин болуп, ал жакта бир топ жыл союз тараганда чейин жолдошу экөө малчы болуп эмгектенген. 3 уул, 3 кыздын энеси.
Орозакунова келе жатат...
- Атамдын агасынын байбичеси Төлөбүбү Акуналиева колхоздо саанчы болуп иштечү. Чоң апабыз болчу. Чоң апабыз пенсияга чыгып, ал кишинин саан уйларын мен өткөрүп алдым. Ошол кезде мен 10-классты аяктагам. Бир күндө 19 уйду колго саачумун. Бир күндө 2 маал саайт элек. Азыркыдай уй сааган жабдыктар жок. Талап деген катуу болчу. Күн сайын Орозакунова деген, Татыбекова деген чоңдор кыдырып келип турчу. Сүттүн түрү бузулат деп, кымындай боёк, атыр жолотпой иштечүбүз. 1 жарым жылдай саанчы болуп иштедим. Таңкы саат 04:30 да турчубуз. Күн чыкканга чейин саап бүткөрүп, сүттү жүктөп кетирчүбүз. Андан кийин уйлардын астын тазалап, флягдарды жуучубуз. "Орозакунова келе жатат" дегенде, тимеле шейшептерибизден таптаза жууп баарыбыз Өзүмдүн ата-энем мугалим кишилер болчу. Саанчы болуп жүргөн учурда Ак-Кыя айылына келин болуп кеттим. Орозакунова деген секретарь болчу.
Артист болом...
- Өзүмдүн атам Темиркан Акуналиев комуз чертип ырдачу. Мен дагы Мыскал Өмүрканованы сыналгыдан көрүп, ал кишини туурап комуз чертип, ырдай берчүмүн. Чоңойгондо "актриса болом" деп кыялданчумун. Бала кезим да. Алла Пугачёваны туурайм деп, сахна элестетип алып бактын башына чыгып ырдап жатып, бактан учуп кеткен күндөрүм болду. Бала кезде тентегирек болсом керек да. Атам эрте эле каза болуп калган. Атаңдын ордуна байкең ата болуп калат экен. "Артист болом" десем, байкем "артист болгону эмнеси, эч кандай андай болбойт" деп бир сөз менен эле токтотуп койгон да. "Артист болом деп саанчы болом" дечү элем, акыры саанчы болдум. Азыр деле ырдап калам. Тимеле, Мыскал Өмүрканованы пир тутуп алган элем. Ал кезде азыркыдай комуз ийрими дегендер жок болуп, комуз черткенди үйрөнө албай калдым.
25 уй саачумун
- Союз тарап кетип, 1994-жылы дыйкан чарбага өттүк. Жолдошум экөөбүз үй-жай салып алалы деп туура 5 жыл айылда жашадык. Андан кийин, элдин малын, өзүбүздүн малды алып жайлоого чыга баштадык. Ал ортодо кыйынчылык заман башталды. Ошондо буйрутма алып, шырдак шырып, шырдак жасап, чий согуп, шоона эшип оокат кылып жүрдүм. Жайлоодон 25 уй саачумун. Ушул кезге чейин жайкысын бала алып жайлоого чыгып, кышкысын айылда болобуз. Азыр деле жайлоого чыгып, 13-14 уй саап коём. Дайыма ушул иш менен жүрсөң көнүп деле калат экенсиң да.
Ышталган бозо
- Өзүмдүн апам Райпа Сарбанова таруудан, күрүчтөн кайнатып, ушундай сонун бозо салчу. Ушундай көбүргөн, сонун, аппак бозо болор эле. Кан басымына жакшы деп күрүчтөн дагы бозо салчу. Бала кезимде эле бозонун жасалышын көрүп чоңойдум. Андан кийин, кайненем Гүлайым Ормонбекова дагы бозону сонун кылып салчу. Буга чейин "бозо салып, саткан уят го" деп уялчумун. Бир күнү айылдагы бир келин "бозо сатылат" деп баштап калды. Аны көрүп "кышкысын бошмун да. Баягыдай кийиз жасай албасам, андан көрө бозо салып сатып көрөйүн" деп ойлондум. Алгач буудай, таруудан бозо салып баштадым. 1 литр бозону 50 сомдон сатып кирдим. Көрсө бардыгы эле болот экен да. Анан жайлоодон төө куйрук ала келип, кымыз ачыткан челегимди ыштап, ага бозо куюп койсом ышталган кымыздай болуп, бозом дагы сонун даамданып калды. 3 жылдан бери ышталган бозо салып, сатып келем.
Айылдагы ашкана
- 1991-жылы туулган балам Россияга барып иштеп келди. Ал жактан оштук балдар менен чогуу иштеп, ысык курут жасаганды үйрөнүп келиптир. Айылга келип, мага үйрөттү. Үйүбүздүн жанында кичирек эски тамыбыз бар эле. Ошону февраль айында чакан ашкана кылып ачып, ысык курут жасадык. Элге аябай жакты. Тай куурдак деп, тайдын этинен куурдак кууруп, "менюбузду" толуктадык. Эми бешбармак кошсомбу деп жүрөм. Ысык курутту жасоо деле оңой эмес экен. Ысык курут суукчан кишилерге жакшы экен. Жөтөлүп, сасык тумоолоп калгандарга миңдин бири экен. Буга чейин эле, жайлоодон сары май, курут, каймак даярдап келип сатчумун. Кымыз сатабыз. Негизи эле даамдуу тамак-аштарды жасаганды апам менен кайненемден үйрөндүм. Ал кишилер тамакты казанга абдан сонун кылып жасашчу эле. Азыркы учурда, бүт эле жанагындай электр тогу менен иштеген плиталарга жасап жатышпайбы. Мен болсо дагы деле алдына от жагып, казанга жасайм. Казанга бышкан тамак абдан даамдуу болот. Сары май, курут, кымыз дегенди сатып калганыма 3 жылдай эле болду. Эми азыр замандын талабы ушундай болуп жатпайбы. Колуңдан келген ишти жасап, аны акчага айландырып, акча таап оокат кылбасаң кыйын эле да.
--
Отправлено из Mail для Android