Төө-Ашууда каршы тилкеге чыккан «Kia K5» унаасынын айдоочусу табылып, айып салынды

turmush
Скачать
Просмотров: 57
 
Опубликовано 10 Апреля 2026, 08:51

Чүй облусунун Жайыл районундагы Төө Ашуу ашуусунда карама-каршы тилкеге чыгып, кооптуу абал жараткан айдоочуга айып пул салынды. Бул тууралуу Чүй ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, социалдык тармактарда «Kia K5» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Төө-Ашууда каршы тилкеге чыгып, башка жол кыймылынын катышуучуларынын өмүрүнө коркунуч жаратканы боюнча видео тараган.