Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагында "Ыр майрам" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Кош-Дөбө айылындагы Амангелди Шеримбеков атындагы маданият үйүнүн директору Акылай Токтосунованын айтымында, "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" программасынын алкагында "Улууга урмат, кичүүгө ызаат" аталышта ушул жылдын февраль айында аталган айыл аймактын мекеме-ишканалары арасында "Ыр майрам" сынагы өткөрүлүп келе жаткан. Сынак кечээ 7-март күнү аяктап, жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр сыйланды.
Жеңүүчүлөр;
- 1-орунду медицина кызматкерлери багындырып, диплом жана 25 миң сом,
- 2-орунду бала бакча кызматкерлери ээлеп, диплом жана 20 миң сом,
- 3-орунду маданият кызматкерлери камсыздап, диплом жана 15 миң сом менен сыйланды.
Мындан тышкары, сынакка жигердүү катышып, жогорку деңгээлде өнөр тартуулагандарга кызыктыруучу сыйлыктар берилди.
--
Отправлено из Mail для Android