Нарын облусунда жол эрежесин бузган айдоочуга 15 000 сом айып салынды. Бул тууралуу Нарын ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Социялдык тармактарда Куакы-Көк-Мойнок ашуусунда «AUMAN» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу башка айдоочулардын жүрүү кыймылына кооптулук жаратып, жол кырсыгына шарт түзүп, каршы жол тилкеси менен айдаганы боюнча видео тараган.