Үч уулдун апасы Айзада Сыдыгаалиева декреттик өргүү учурунда тай боксу боюнча машыктыруучу болуп иштеп жатат. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде кантип машыктыруучу болуп калганын айтып берди.
Каарманыбыз 1993-жылдын 31-майында Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Саргата айылында төрөлгөн. Учурда Саргата айылында жашап, Үч-Терек айылында иштейт.