Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын 56 жаштагы тургуну Гүлжан Бердимуратова 30 жылдан бери билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип, улуттук баалуулуктарды, каада-салт, үрп-адатты жана маданиятын аздектеп келет. Ал бул баалуулуктардын муундан-муунга өтүшүнө өз салымын кошуп, жаш муунду тарбиялоодо талыкпай эмгектенип жүргөнүн Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде айтып берди.
Каарманыбыз кайсы гана жерде болбосун кыргыз элинин улуттук кийимдерин кийип, чет өлкөлөргө чыккан учурда башка улут өкүлдөрүнө кыргыздын маданияты менен тарыхын тааныштырып, аларды кызыктырып келет.