Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылынын окуучусу Канайым Нурланбекованы жердештери салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, республикалык предметтик олимпиадада кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча 3-орунду камсыздап келген Бакый Мүсүралиева атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Канайым Нурланбекованы жана анын мугалими Асел Турарбек кызын мектеп директору Талант Саягалиев баштаган мектеп жамааты, окуучулар жана ата-энелер салтанаттуу тосуп алышты.
Директор Талант Саягалиевдин айтымында, Канайым Нурланбекованын мугалими дагы, апасы дагы Асел Турарбек кызы. Канайым билимге умтулган, тырышчаак жана эмгекчил кыз экендигин белгилеп, кичинекей мектептен дагы чоң ийгилик жараларын, учурда жалпы мектеп жамааты кубанып турганын белгиледи.
Ал эми Канайым Нурланбекова окуучуларды телефонду аз карап, китепти көп окууга, билим алууга жана ар дайым аракет жасап, ийгилик жаратууга чакырды.
--
Отправлено из Mail для Android