Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Нарын - Баетов - Макмал унаа жолунжагы эзилип, талкаланып калган тилкелерин оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Аталган унаа жолдун чордонунда жайгашкан Чолок-Кайың айылынын тургуну Асылбек Төлөнбаев курулуш иштери жүрүп жаткан Кыргыз-кытай Темир жолуна курулуш материалдарын ташып каттаган оор жүк тартуучу унаалардан улам аталган жолдордун айрым тилкелери чөгүп, эзилип, чуңкурлар пайда болуп, жеңил унаалардын өтүүсүнө кооптуулук жаратып жаткандыгын, катуу жамгыр жааса жол жараксыз абалга кептелип, унаа каттамдары токтоп каларын айтты.
Ал эми Ак-Талаа райондук жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Аскар Өмүрбеков учурда аталган жолдун айрым жерлерин оңдоо иштери башталгандыгын билдирди.
"Учурда жаз келип, кар эрип, жерлер нымдашып тургандыктан улам оор жүк ташуучу унаалар тыгылып, жолдун бир катар жерлери эзилип кеткен. Биз бул боюнча темир жол куруп жаткан ишканага кайрылганбыз. Алар учурда жолду оңдоо иштерин колго алышты. Мындан сырткары, өзүбүз дагы ишти баштадык. Кечээ 30-март күнүнөн тарта иш башталды. Буюрса бүгүн бүтүп калабыз деп турам. Мындай эзилип кеткен жерлер аябай эле көп болуп жатат", - деди А. Өмүрбеков.
--
Отправлено из Mail для Android