Гүлчө шаарындагы бир катар мектептер капиталдык оңдоодон өткөрүлөт

turmush
Скачать
Просмотров: 18
 
Опубликовано 26 Марта 2026, 15:19

Ош облусунун Гүлчө шаарында бир нече ири мектептерди капиталдык оңдоодон өткөрүү жана жаңы имараттарды куруу пландалууда. Бул тууралуу шаар мэри Нурсултан Тажибаев билдирди.

Анын айтымында, шаардагы М.Адышев, Отунчиев, Парманас жана Мадалиев атындагы мектептер курулгандан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес.