Гүлчөдө канализация системасын куруу боюнча ири долбоор ишке ашырылат

turmush
Скачать
Просмотров: 40
 
Опубликовано 26 Марта 2026, 11:52

Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө шаарынын калкы 23 миң 601 адамга жетти. Бул тууралуу шаар мэри Нурсултан Тажибаев билдирди. Анын айтымында, шаардын аймагы 35 гектарды түзөт жана Гүлчө өлкөдөгү 34-шаар болуп расмий макам алган. Шаар 2025-жылдын 25-сентябрында расмий түрдө шаар статусуна ээ болгон.