Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылынын тургундары тыгында унааны жол жээги менен айдаган айдоочуларга нааразы болуп жатышат.
Жашоочулардун айтымында, бул көрүнүш күн сайын кайталанып жатат. Тыгында унаасын жолдун чети менен айдаган айдоочулар чаңдатып, тургундарга ыңгайсыздык жаратууда. Учурда жол оңдоо иштери жүрүп жатат. Оңдоо иштери качан аягына чыгары да белгисиз.