Ак-Талаа; Кылым карыта жашаган Санаш апа 17 балалуу болгон

turmush
Скачать
Просмотров: 123
 
Опубликовано 23 Марта 2026, 15:54

"Кылым карыткан апа" рубрикабыздын бүгүнкү каарманы Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылынын 94 жаштагы тургуну Санаш Такырбашова апа менен аймактык кабарчы келини Жылдыз Бабыгулова аркылуу маектешти.

Санаш Такырбашова 1932-жылы Тогуз-Торо районунда туулган. Ата-энесинен эрте ажырап, ага-туугандарынын колунда багылып, бала чагында жокчулуктун азабын тартып чоңойгон. Ал 16 жашында Кара-Бүргөн айылынын тургуну Абдыбек Керимбаевге турмушка чыгып, экөө 56 жыл бирге түтүн булатышкан. Учурда, Санаш апа 94 жашта. 7 баланын энеси, 45 небере жана 33 чеберенин чоң энеси.

Каарманыбыз Санаш Такырбашова бир үйдүн жалгыз кызы болгондугун айтты.

"Атымды Санаш койгонун берейин. Ата-энемдин карыган кезинде тапкан жалгыз кызы экенмин. Мага чейин балалуу болушпай, бала самап жүрүшүп, атымды Санамбү коюшуптур. Санамбү дебей, Санаш деп эркелетип жүрүшүп, Санаш болуп калдым. Мен төрөлгөндөн кийин 6 айлан кийин эле атамдын көзү өтүп кетет. 6 жашка чыкканымда апамдын көзү өтүп кетип, мен ага-туугандардын колунда, жеңемдердин көзүн карап чоңойдум. Ал кезде жокчулук кез. Жокчулуктун айынан машак терип, бай-манаптардын жумушун кылып, кекиртек тойгуздук. Таш жаргылчак бар эле. Терип келген машактарды жаргылчакка айлантып, калама бышырып жечүбүз", - деди апа.

Санаш апа 16 жашында бир үкөк помидор берген кампа башчыга турмушка чыкканын айтты.

"Бала чагым согуш, жолчулукка учуруна туш келип, кыйын заманды баштан өткөрдүк. 16 жаш кезимле ачарчылык, жокчулук болгон. Бир жолу жанымда эки курдаш кыз менен ойноп жүрүп, куу курсактын айынан аянтта төгүлгөн помидорлорду көрүп, ууруга кирип калдык. Аңгыча кампа башчысы болуп иштеген бир бала келип кармап калды. Ал баладан кутулуш үчүн жалдырап, кечирим сурадым. Ал ар кандай сөздөрдү айтып, эрмектеп калды. Ошентип мамилебиз жакындап, ошол кампа башчы бала 1 үкөк (ящик) помидор берип, мени ала качып кетти. Турмуш куруп калдым. Ал жолдошум кичине актив чалыш болуп, ар кандай кичи жумуштар менен иштеп, Ак-Талаанын Кош-Дөбө айылына көчүп келди. Андан бери Кара-Бүргөн айылына 1958-жылы көчүп келип калдык. Кара-Бүргөн айылына келгени колхоз, совхоздун кара жумуштарына иштедик. Ал кезде аял-эркек дебей текши өкмөттүн ишин бир баланы көтөрүп алып, бир баланы жетелеп алып иштечүбүз. Ал кезде кыйын заман эле. Өкмөткө ар бир адам иштечү. Ошентип кара сугатчы болуп жүрүп, жакшы түшүм берип, депутат, делегат болдум. "Даңк" ордени менен сыйландым", - деди С.Такырбашова.

Санаш апа 17 бала төрөп, бирок 10 баласынан эрте эле айрылып калган.

"Жолдошум Абдыбек экөөбүз 56 жыл бирге жашадык. Бул аралыкта 17 бала төрөдүм. Бирок, 17 баламдан 10 балам кичирек, бешиктеги кездеринде эле чарчап кала берди. 4 уул, 3 кызым аман-эсен чоңоюп, өздөрүнчө үй-бүлө күтүп, бала-бакыралуу болушту. Аттиң, бирок алар оорудан улам каза болушту. аАзыр 1 уул 1 кызым бар. Азыркы учурда ошол жалгыз уулум Болотбектин, келиним Жылдыздын колундамын. Кудайга дагы деле шүгүр кылам. Ошол балдардан 33 небере 45 чөбөрөм бар. Азыркы учурда 94 жашка чыктым. Кары адамдын ден-соолугу багуудан эле болот экен. Уул келиним жакшы карашат. Тамак-ашымды таптап беришет. Кудайга шүгүр дейм. Эми, заманыбызда тынччылык, токчулук болсун. Эли-журтума эсендик каалайм. Жаштарга ден-соолук, өмүр, ыйман берсин деп тилек кылып келем", - деди Санаш апа.

Маектешүүгө көмөк көрсөткөн келини Жылдыз Бабыгулова кайненесинин ден соолугу жакшы, өзүн тың алып жүрөрүн айтты.

"Кайненемдин паспортунда жазылган аты Санаш. Өзүнүн айтуусу боюнча Санамбү экен. Колхоз-завхоздун ар кандай кара жумуштарында иштептир. Жер сугарып, чөп чаап, машак терип иштеген экен. Кийинчерээк, башкарманын канторасында пол жуугуч, суу чарба башкармалыгында жармачы, сакмалчы дагы болуптур. Мен келини катары айта кетсем, апабыз аябай иштерман адам эле. Жер айдаганды жакшы көрчү. Алма, өрүк, картошка, сабиз, кызылчаны аябай өстүрчү. Апам анча-мынча элдик дарыгерлик касиети бар эле. Кичинекей балдарды эмдеп, жүрөк көтөрүп, итий балдарды эмдеп калчу. "Темир өткү" деп коет экен. Ошол нерсени дагы ийненин учу менен эмдеп, айылдагы бир топ адамдарга пайдасы тийген. Ошол нерсени мага үйрөтүп койгон. Өзү табигый чөптөрдү көп жечү. Ошондон уламбы, айтор ден-соолугу абдан жакшы. Эч бир жерин оорудум дебейт. Ичкен-жегени жакшы, өзүн тың алып жүрөт. Кечээ Нооруз майрамында бизге сүмөлөк кайнатып берип, баарыбызга батасын берди", - деди келини Жылдыз Бабыгулова.

https://bulbul.kg/video:110252









--
Отправлено из Mail для Android