21-март — Нооруз майрамына карата Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Каныбек Апбасовдун демилгеси менен Өзгөн шаарынын борбордук стадионунда салтанаттуу иш-чара өткөрүлүүдө.
Иш-чараны Өзгөн шаарынын мэри Элдос Таев ачып, андан соң Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов сөз сүйлөп, Нооруз майрамынын маанисине токтолуп, калкка токчулук, молчулук жана ынтымак тиледи.