Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаарында жаңы сейил бак куруу пландалууда. Бул тууралуу Turmush басылмасына мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, сейил бак «перевалбаза» кичи районунда курулат. Учурда долбоордук-сметалык документтерди даярдоо максатында адистер жерине барып, тиешелүү өлчөө иштерин жүргүзүштү.